Новости

«Көп тил – бир адамзат»

17.02.2026. Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы Эл аралык эне тил күнү жана эл аралык медицина факультеттин 10 жылдыгына карата 1-курстун студенттеринин ортосунда «КӨП ТИЛ – БИР АДАМЗАТ» деген аталышта «Брейн-ринг» интеллектуалдык таймашын өткөрдү. Ага индиялык студенттерден куралган 4 команда катышып, өздөрүнүн билимин сынап көрүштү. Иш-чара музыкалык программа менен дагы коштолуп, оюнчуларга дүйнө элдеринин тили, маданияты, каада-салтын чагылдырган 25 логикалык суроо берилди. Таймашты англис тилинде кафедра башчы, проф. С.М. Амиралиев алып барды. Жыйынтыгында GM II 18 тайпасынын студенти Химаншу мырза жетектеген команда баарынан көп балл топтоп биринчи орунду багындырды. Жеңүүчүлөргө жана оюнда өзүнүн эрудициясы, мыкты кругозору жана тапкычтыгы менен айырмаланган студенттерге факультеттин дипломдору тапшырылды.
18 09:02 19-02-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|