Жанылыктар

Канча тил билсең, ошондо дил билесиң

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын орус, кыргыз тилдеринен жана Кыргызстандын тарыхынан сабак берген окутуучулары англис тилинин В2 деңгээлин үйрөнүү боюнча Борбордук Азия университети (UCA) менен ОшМУ уюштуруп жаткан курска катыша башташты. ОшМУнун мугалими, тажрыйбалуу тренер Н. Эргешова эми аларга жумасына 3 жолу сабак өтүп бермекчи. Курстун башталышында кафедра башчысы С.М. Амиралиев сөз сүйлөп, чет тилин үйрөнүү замандын талабы экендигине токтолуп, кесиптештерине ийгиликтерди каалады. Англис тилин жогорку окуу жайдын бардык окутуучулары үйрөнүүсү зарыл экендиги боюнча 2024-жылы министрликтин буйругу чыккандыгын кошумчалады.
43 09:03 19-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|