Китеп алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү
2026-жылдын 13-февралында Эл аралык медицина факультетинин Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасында “Китеп алмашуу көрөзмөсү” аттуу китеп алмашуу иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — окурмандар арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, адабиятка болгон кызыгууну арттыруу жана руханий баалуулуктарды даңазалоо болду. Катышуучулар өздөрү окуп бүткөн, аларга өзгөчө таасир калтырган китептерин алып келип, башка окурмандар менен алмашуу же болбосо белек кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Китеп алмашуу — бул жөн гана басылмаларды алмаштыруу эмес, бул — ойлордун, тажрыйбалардын жана таасирлердин бөлүшүүсү. Ар бир китеп өзүнүн жаңы окурманын таап, жаңы ой-сезимдерге жол ачты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп мугалимдер ортосунда жандуу баарлашуу, пикир алмашуу жана адабий талкуулар менен коштолду. Иш-чара 14-февраль китеп белекке берүү күнунун урматына карата уюштурулду. Топтолгон китептердин арасында эчак раритетке айлангандары дагы бар.