News

Программалоо предметтик циклдык комиссиясынын окутуучулары үчүн усулдук семинар өткөрүлдү.

Семинардын алкагында окутуучу Мамаев Самарбек Сатыбалдыевич “Долбоордук иштин технологиясы” темасында мазмундуу баяндама жасап, долбоордук окутуунун заманбап билим берүү процессиндеги ролу, студенттердин практикалык компетенцияларын өнүктүрүүдөгү мааниси жана программалоо сабактарында колдонуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берди. Баяндама учурунда катышуучуларга долбоор түзүүнүн этаптары, STEAM элементтерин интеграциялоо жолдору жана реалдуу мисалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле окутуучу Акназарова Сүйүмкан Сагыналиевна “Лабораториялык жана практикалык сабактарды эффективдүү уюштуруу” темасында тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана сабактарды интерактивдүү ыкмалар менен өткөрүү боюнча пайдалуу сунуштарды берди. Семинар учурунда катышуучулар пикир алмашып, практикалык тапшырмаларды талкуулап, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган жаңы ыкмалар менен таанышышты. Мындай усулдук иш-чаралар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана билим берүү процессин заман талабына ылайык өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди
41 07:23 20-02-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|