2026-жылдын 20-февралында 23-февраль — Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаарындагы №36806 аскер бөлүгүндө «Ачык эшик» иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери, ИПКнын КИ жана АЧДББ ПЦКсынын окутуучулары — камдагы полковник Абдибаитов М.Т., камдагы майор Жоробаев Б.Ш., камдагы лейтенант Кубанычбек уулу Азирет жана Солтоев З.А. жетекчилигинде катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер аскердик техникалар, артиллериялык ок атуучу куралдар, жеке коргонуу каражаттары, ок атуучу куралдардын түрлөрү, инженердик шаймандар, ошондой эле алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары менен таанышышты. Мындан тышкары, алар аскер кызматкерлеринин көрсөтмө чыгууларына күбө болуп, алардын шамдагайлыгына жана күжүрмөн даярдыгына баа беришти.