Haber

Заманбап мугалимдин модели

ОшМУда "Заманбап мугалимдин модели" аттуу форум өттү 2026-жылдын 18-февралында Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан уюштурулган "Заманбап мугалимдин модели — ОшМУда" аттуу масштабдуу форум болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун ректору Г. К. Кожобеков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен биргеликте Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досматов, ошондой эле шаардагы жана айылдык аймактардагы мектептердин директорлору жана мугалимдери катышты. Форумдун алкагында билим берүүдөгү жаңы чакырыктар боюнча төмөнкүдөй актуалдуу баяндамалар сунушталды: 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруудагы иш-аракеттер Презентатор: ОшМУнун мектептик билим берүү боюнча башкы адиси Ж. М. Болушева. ОшМУнун 12 жылдык билим берүүгө даярдыгы Презентатор: Академиялык өнүгүү департаментинин окуу жараянын уюштуруу жана пландаштыруу секторунун башчысы Т. М. Папиева. Студенттердин турмуштук жөндөмдөрүн өстүрүү Презентатор: ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Т. А. Джороев. Форумдун катышуучулары, өзгөчө мектеп жетекчилери жана мугалимдер билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууда заманбап мугалимдин ролу өзгөчө экенин белгилешти. Иш-чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолуп, университет менен мектептердин ортосундагы байланышты чыңдоого негиз болду.
13 10:52 20-02-2026

                 

Haber

|< >|