News

Сапаттуу билим жана заманбап стандарттар

Жумушчу жолугушуу: Сапаттуу билим жана заманбап стандарттар ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун жамааты менен Окуу-структуралык методикалык камсыздоо бөлүмүнүн (ОСМКБ) башкы адистери Разыкова Мавлюда Баратовна жана Эгембердиева Нуржамал Аманбековнанын катышуусунда маанилүү жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында институттун ишин жакшыртуу жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруу багытында төмөнкүдөй орчундуу маселелер талкууланды: Институттун жобосу: Квалификацияны жогорулатуу институтунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды заман талабына ылайык жаңылоо; Сертификация: Мугалимдерге берилүүчү сертификаттардын үлгүсү, алардын мыйзамдуулугу жана коргоо элементтери; Рейтинг жана баалоо: Окутуучулардын жылдык рейтингинде квалификацияны жогорулатуу сертификаттарына коюлуучу баалар (баллдар) жана алардын таасири; Курстун мазмуну: Окуу программаларынын тематикасын актуалдаштыруу, сааттык көлөмүн (кредиттерди) эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү; Жаңы усулдар: Окутуу процессинде так методикалык курстарды жана инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды кеңири колдонууну жайылтуу. Жолугушуунун жыйынтыгында, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу процессин ачык-айкын, сапаттуу жана заманбап методикаларга негизделген деңгээлге чыгаруу боюнча бирдиктүү чечимдер кабыл алынды.
13 10:56 20-02-2026

                 

News

|< >|