20.02.2026-жылы Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Котормо иши» бөлүмүнүн окутуучусу Тургунбаева Уулкүл Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ош МУнун заманбап окутуучусу – 2026» конкурсунун 2-этабына катышты.
Конкурстун алкагында талапкер ПДС-9-1-24 тайпасына “Home and Housing” темасында интерактивдүү усулдарды жана жаңычыл технологияларды колдонуу менен мазмундуу, кызыктуу сабак өтүп берди.