Haber

АЧЫК САБАК-АЧЫК ОЙ, ТЕРЕҢ БИЛИМ

19-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде филологиялык дисциплиналар циклик комиссиясынын окутуучусу Темирова Нурила Мусурмановна тарабынан 9-базанын 1-курс студенттери үчүн ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабак “Кептин түрлөрү жана стилдери. Баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү” темасына арналды. Сабактын негизги максаты — студенттерге кептин түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн терең түшүндүрүү, стилдик айырмачылыктарды ажырата билүү жөндөмүн калыптандыруу жана теориялык билимди практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдөө болду. Сабак учурунда студенттер баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү тексттеринин түзүлүшүн талдап, ар биринин тилдик өзгөчөлүктөрүн мисалдардын негизинде аныкташты. Интерактивдүү ыкмалар, суроо-жооп, топтук иш жана чыгармачыл тапшырмалар колдонулуп, студенттердин активдүүлүгү жогору деңгээлде болду. Ачык сабакта заманбап окутуу технологиялары пайдаланылып, студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн, текст түзүү жөндөмүн жана коммуникативдик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
12 05:12 23-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|