21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган таймаш
05:47
23-02-2026
13
20-февралда Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 9-база 1-курс студенттери арасында Эл аралык эне тил күнүнө арналган таймаш болуп өттү. Иш-чара студенттердин тилге болгон сүйүүсүн арттыруу, Кыргызстанда жашаган улуттардын эне тилин жана маданиятын сактоо, өнүктүрүү, ошондой эле руханий баалуулуктарды даңазалоо максатын көздөдү.
Таймаш төрт тилдүү тайпалардын катышуусунда жогорку деңгээлде уюштурулуп, төрт турдан турду:
• «Эне тилди даңазалоо» – ар бир тайпа өз эне тилинин баалуулугун чыгармачыл формада тааныштырды;
• «Сабаттуу жазуу» – катышуучулар тилдик сабаттуулук боюнча билимдерин сынашты;
• «Сахналдык көрүнүш» – улуттук маданиятты жана тилдин көркөмдүгүн чагылдырган чыгармалар көрсөтүлдү;
• «Эне тил – түбөлүктүү мурас» аттуу видео сынак – тайпалар тарабынан даярдалган видеороликтер сунушталды.
Таймаштын жыйынтыгында:
1-орун – «Жалын» тайпасы;
2-орун – «Алтын Канат» тайпасы;
3-орун – «Шабнам» тайпасы;
4-орун – «Наследя Слова» тайпасы ээледи.
Жигердүү катышкан студенттер дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Мындай иш-чаралар студенттердин тил маданиятын өнүктүрүүгө, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошот.