22-февраль – Геодезия, картография жана кадастр кызматкерлеринин күнү
05:55
23-02-2026
102
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда 620001 – «Геодезия» адистигинин студенттери тарабынан кесиптик майрамга арналган иш-чара өткөрүлдү.
Белгилүү болгондой, 22-февраль – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы №24 токтомунун негизинде «Геодезия, картография жана кадастр кызматкерлеринин күнү» катары бекитилген. Бул күн өлкөбүздүн аймактык өнүгүүсүнө, жер ресурстарын туура пайдаланууга жана инфратүзүмдү пландаштырууга зор салым кошкон адистердин эмгегин даңазалайт.
Майрамдык кечеге бүтүрүүчүлөр, тармакта эмгектенип жаткан адистер, ата-энелер жана институттун профессордук-окутуучулук курамы катышты. Иш-чараны институттун директору, профессор А.Г. Низамиев ачып, геодезия, картография жана кадастр тармагы бүгүнкү күндө өлкөнүн туруктуу өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ал студенттерди жана адистерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле чакырылган коноктор сөз сүйлөп, жаш адистерге кесиптик ийгиликтерди, жоопкерчиликти жана мекенчилдикти каалашты.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жагымдуу маанайда өттү. Майрамдык кече студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, адистиктин кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түздү.