Жанылыктар

Бир команда – бир максат – бир жеңиш!

Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин арасында өткөрүлгөн «Брейн ринг» интеллектуалдык таймашында Индустриалдык-педагогикалык колледжинин КТБ9-2-25 тайпасынын студенттери жана куратору Сайдрахимов Кудратилло Файзуллаевич ийгиликтүү катышып, байгелүү 2-орунду ээлешти. Аталган интеллектуалдык таймаш студенттердин билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн, ыкчам жооп берүү жөндөмүн жана команда менен иштөө маданиятын өнүктүрүү максатында уюштурулду. Таймашка университеттин ар кыл факультеттеринен куралган командалар катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай таймаш жүрдү. КТБ9-2-25 тайпасынын студенттери өздөрүнүн терең билимин, тапкычтыгын жана ынтымактуу командалык ишмердүүлүгүн көрсөтө алышып, жогорку жыйынтыкка жетишти. Жыйынтыгында команда диплом менен сыйланып, окуу жайынын намысын татыктуу коргой алды. Бул жетишкендик студенттердин интеллектуалдык потенциалынын жогору экенин далилдеп, колледждин коомдук жана илимий иштердеги активдүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады.
11 06:00 23-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|