Жашыл экономиканын журналистикадагы ролу: Студенттер үчүн конок лекция
09:41
24-02-2026
5
24-февраль күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарнама жана ПР кафедрасынын доценти, Бегайым Максутова жана медиа эксперт Нурдин Султамов журналистика адистигинин студенттери үчүн «Жашыл экономика» темасында конок лекция өтүлдү.
Студенттерге жашыл экономиканын негизги түшүнүктөрү, дүйнөлүк тажрыйба жана Кыргызстандын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Студенттер экологиялык темаларды журналистикада туура, жоопкерчиликтүү чагылдыруунун жолдору жана практикалык ыкмалары боюнча билимдерге ээ болушту.