Жанылыктар

Келечек муундар — ОшМУда!

Келечек муундар — ОшМУда! Бүгүн «Алтын түйүн» — улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын таланттуу окуучулары ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтуна (МФТИТ) экскурсияга келишти. Таанышуунун жүрүшүндө окуучулар сабактарга катышып, студенттер эмнелерди үйрөнүп жаткандыгына кызыгышты. Теория менен практиканын айкалышын өз көздөрү менен көрүштү. Айрыкча Next Generation Hub борборундагы роботтор, ошондой эле студенттер тарабынан иштелип чыккан инновациялык роботтук долбоорлор чоң кызыгууну жаратты. Жаштар роботтордун иштөө принциптери, программалоо процесси жана инженердик чечимдер тууралуу кеңири маалымат алышты. Институттун директору Бектур Азимов жаш конокторду жылуу тосуп алып, институттун мүмкүнчүлүктөрү, багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаш муундарды илим-билимге умтулууга чакырып, келечекте мыкты адис болуп чыгышына каалоо-тилектерин билдирди. Бүгүнкү жолугушуу — эртеңки инженерлердин, IT адистеринин жана ойлоп табуучулардын шыктануусуна чоң дем болду!
355 03:10 25-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|