Ош мамлекеттик университетинин зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, доцент К.Ы. Стамалиев жана доцент С.Т. Абжамилов 2026-жылдын 12–21-февраль күндөрү Египет өлкөсүндө Кыргызстандагы Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган “Заманбап билим берүү процессине билим берүү технологияларынын жана психологиянын таасиринде педагогикалык системанын интеграциясы” аттуу XII Эл аралык семинар-тренингге катышып келишти.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынан келген окутуучулар менен биргеликте заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, педагогикалык процесске психологиялык ыкмаларды интеграциялоо жана инновациялык окутуу методдорун өркүндөтүү багыттарында тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар 72 сааттык эл аралык үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушту.
Бул иш сапар окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана билим берүү сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.











