Жанылыктар

«Бүтүрүүчүлөр үчүн карьера пландаштыруу, жумуш издөө жана резюмени туура түзүү боюнча практикалык семинар өткөрүлдү»

2026-жылдын 20-февралында ОшМУнун Карьера жана бизнес-өнөктөштүк сектору Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун бүтүрүүчүлөрү үчүн семинар-тренинг өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге жумушка жайгашуу процесинде талап кылынган негизги көндүмдөрдү өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Семинарда төмөнкү багыттар боюнча практикалык маалыматтар берилди:
• резюмени туура түзүү принциптери;
• жумуш издөөдө эффективдүү ыкмаларды колдонуу;
• маектешүүдөн ийгиликтүү өтүү стратегиялары.

Мындан тышкары, катышуучуларга кесиптик этикет, жумуш берүүчү менен туура баарлашуу, кошумча тилдерди жана ИКТ (Информациялык жана коммуникациялык технологиялар ) көндүмдөрүн (Google Disk жана башка булут технологиялары) өнүктүрүүнүн мааниси боюнча сунуштар берилди.

Карьера жана бизнес-өнөктөштүк секторунун улук инспектору Азирет-Али Маткалыков студенттерге job.oshsu.kg платформасына резюме жүктөө тартибин жана бош орундарды издөө мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып өттү.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча кеңири маалымат алышты. Семинар бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана карьералык пландаштыруу көндүмдөрүн бекемдөө максатында уюштурулду.

ОшМУнун сайтына чыккан маалымат.20.02.2026 www.oshsu.kg/kg/news/4026/
108 04:20 25-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|