Жанылыктар

СГД кафедрасында кезектеги отурум болуп өттү

2026-жылдын 27-февралында саат 10:00дө СГД кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында окуу-усулдук жана илимий иштердин жыйынтыктары каралып, алдыдагы милдеттер талкууланды. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 2025–2026-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы окуу-усулдук иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулду (жооптуулар: Жороева А., Джеенбаева К.); Предметтер боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы талкууланып, силлабустарды жаңылоо жана интерактивдүү усулдарды киргизүү боюнча сунуштар берилди (жооптуулар: секция башчылары); 2-жарым жылдыкка карата усулдук колдонмолорду, жумушчу программаларды жана сынактык тесттерди толуктоо жана бекитүү маселеси каралды (жооптуулар: Жороева А., Джеенбаева К.); Илимий семинарларды уюштуруу боюнча маалымат берилип, тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү (жооптуу: Орунбаева Г.); Окутуучулардын 1-жарым жылдыктагы окуу, илимий жана тарбиялык иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, 2-жарым жылдыкка карата кафедранын негизги милдеттери белгиленди (жооптуу: кафедра башчысы Амиралеев С.); Ар түрдүү маселелер каралды. Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу адамдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
99 05:07 27-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|