Кесиптик бирлик өкүлдөрү ОшМУдагы жамааттык келишимдин аткарылышы менен таанышты
07:38
27-02-2026
35
Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобеков менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.А. Боёнов жана орун басары А.О. Кудайкуовдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык келишимдин аткарылышы, кызматкерлердин эс алуу маселелери, эмгекти коргоо жана укуктарын камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды. Тараптар кызматкерлердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана мыйзамдарга ылайык укуктарын коргоо багытында мындан аркы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар Жамааттык келишимдин жоболорун толук кандуу аткаруу жана кызматкерлердин кызыкчылыгын коргоо боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашышты.