Жанылыктар

Кара-Кулжа районунда гидробиологиялык жана ихтиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү

“МТБ Инженеринг Групп” ЖЧКнун башкы директору Т.Б. Маматеминовдун 2026-жылдын 9-февралындагы (№ 15/7) катына ылайык Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экология жана биоинженерия кафедрасынын илимий-изилдөө иш планына жана Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунда аткарылып жаткан “Обоснование потенциала зеленой экономики и отраслевой диверсификации для устойчивого развития региона (на примере Ошской и Баткенской областей Кыргызской Республики и Андижанской области Республики Узбекистан)” аттуу гранттык долбоордун аткарылышынын алкагында төмөндөгү окумуштуулар: Абдыкааров А.М. – зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, б.и.к., илимий экспедициянын жетекчиси; Стамалиев К.Ы. – зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент; Абжамилов С.Т. – зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, б.и.к.; Низамиев А.Г. – экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын профессору; Каримов Б.А. – ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын доценти, б.и.к.; Камчиев У.М. – физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын ага окутуучусу 2026-жылдын 24-25-февраль күндөрү Кара-Кулжа районундагы Сары-Бээ айылындагы Чоң-Кааты дарыясына кичигидроэлектр станциясын куруу планына ылайык аталган жерде гидробиологиялык жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келишти.

Гидробиологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аталган дарыянын суусунда: күнүмдүктөр (Поденки, Ephemeroptera) түркүмүнө (отряд) таандык болгон накта күнүмдүктөр ( Ephemeridae Latreille, 1810) тукумундагы жаныбарлардын личинкалары гана бар экендиги далилденди. Флоралык жана ихтиофауналык тирүү организмдер табылган жок.

95 07:52 27-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|