Жанылыктар

ОшМУда ачык жана конкурстук сабактар уланууда

26-февраль күнү 2019–2025-жылдар аралыгында кабыл алынган, бирок окутуучулук кызматка өтө элек ФМАКИнин орус филология бөлүмүнүн октуучусу Талипова С. ачык сабагын өттү. Сабакка ОСМКБнын башкы адиси М.Розыкова жана методист-координатору М. Нурмаматова катышышты. 2026-жылдын 16-27-февраль күндөр аралыгында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар (Шермаматов Жолдошбек), Экономика, бизнес жана менеджмент (Ташмурзаева Г., Бакалбаева А.), Педагогика, искусство жана журналистика (Шанызак уулу Жылдыз), Филология жана маданият аралык коммуникация (Бакыбаева Асель), Тарых-юридика (Жумабай уулу Майрамбек) институттары, Эл аралык медицина (Акбар кызы Эркайым, Салиева Динара), Кыргыз-кытай (Таштанова Мээримбү) факультеттери жана Медициналык (Айдарова Алина, Жакыпова Гулмира, А.Жаныбекова, Ж.Бегматова, А.Жумабаева, Каримова Назира, А.Маликова), STEM инновациялык (Дуйшеев Ноорузбек, Абдумалик кызы Нуржан), Эл аралык билим берүү программалар (Элиза Мадалиева, Жумабек кызы Гулкан, Тургунбаева У., Мадалиева Гулзат), Индустриалдык-педагогикалык (Абдираим кызы Жанара, Батырова Зарифа, Таалай кызы Үмүт, Кыдыралиева Тазагүл) колледждери конкурстук сабактарын өтүштү. 25-февралда МФТИТИнин ИСП кафедрасынын доценти Абдимиталип уулу Кубатбек тарабынан MOOC.OSHSU.KG — аралыктан жана санариптик окутууну ишке ашыруучу электрондук-маалыматтык билим берүү чөйрөсү аттуу семинар Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө окутуучулар тарабынан суроолор берилип, сунуштар да айтылды.
91 12:45 27-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|