Жанылыктар

Биз мекенибизди сүйөбүз жана коргойбуз

2026- жылдын 19- февралында финансы- юридикалык колледжинде 23- февраль Ата мекенди коргоо күнүнө карата " Ата мкенибизди сүйөбүз жана коргойбуз " деген темада иш- чара болуп өттү. Иш чарага ФЮК тун директору, ю.и.к. А. Эргешов, директордун окуу жана тарбия иштеринин орун басарлары Акматали уулу А., Бакашев М., Ачд предметинин окутуучулары Бакиров К., Бакиров Э., жана коноктор: Ооган согушунун ардагерлери катышып, студент балдар, кыздарга өздөрүнүн башынан өткөргөн окуялардан баяндап беришти. Студенттердин өз Ата мекенин сүйүүгө, коргоого, туруктуулугун сактоого жана патриот болууга милдеттүү экендигин баса белгилеп айтышты. Студенттер да өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышып, патриоттук ырларды ырдашып жана өз шамдагайлыктарынан бир көрүнүш аткарышты. ФЮК тун директору Ооган согушунун ардагерлерине ыраазычылыгын билдирип, ыраазычылык каттарын жана активдүү катышкан студенттерге дипломдорду тапшырды. Иш- чара Ачд предметинин окутуучусу Бакиров К. жана аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы Акибаткан тарабынан уюштурулду
325 04:24 28-02-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|