Куттуктайбыз!
Белгилүү илимпоз, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, көптөгөн илимий эмгектердин жана ачылыштардын автору Гүлбадан Матиевага Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Урматтуу Гүлбадан Матиевна!
Бул жогорку наам — Сиздин илим тармагына кошкон олуттуу салымыңыздын, жогорку кесипкөйлүгүңүздүн, үзүрлүү илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүздүн жана коомдук турмушка активдүү катышууңуздун татыктуу баасы жана мыйзам ченемдүү жыйынтыгы болуп саналат. Сиздин эмгегиңиз билим берүү жана илим чөйрөсүнүн өнүгүшүнө зор өбөлгө түзүп, жаш адистерди тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ.
Сизге чың ден соолук, узак өмүр, мындан аркы илимий жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Ардактуу наамыңыз кут болсун!
Терең урматтоо менен,
МФТИТ институтунун жалпы жамааты.