Новости

Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институту ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү

Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик чет тилдер институту ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети жана Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун Англис тилин окутуунун интеграцияланган курсу факультети өз ара кызматташтыкты ишке ашырат. Бул кызматташтык төмөнкү багыттарды камтыйт: окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү; биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү; эл аралык конференцияларды, семинарларды жана мастер-класстарды уюштуруу; биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу; тажрыйба алмашуу жана алдыңкы педагогикалык методдорду жайылтуу; чет тилдерин окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуу. Мындай кызматташтык эки окуу жайдын билим берүү сапатын жогорулатууга, эл аралык байланышын кеңейтүүгө жана студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.
180 06:34 03-03-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|