“SheSCIENCE 2026” эл аралык илимий форум болуп өттү.
12:53
03-03-2026
24
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы тарабынан белгиленген Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата “SheSCIENCE 2026” эл аралык илимий форум болуп өттү. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын илим тармагында эмгектенген айымдары, жаш изилдөөчүлөрү жана эксперттери тажрыйба алмашууга максатында келип катышышты. Иш чарада глобалдык экологиялык коркунучтар, санариптик өзгөрүүлөр жана жасалма интеллекттин өнүгүшү шартында аймактык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. “SheScience 2026” эл аралык илимий форумга ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу Жакыпова Гулмира Мамадалиевна катышып келди. “SheScience 2026” Азиядагы аял-илимпоздордун потенциалын ачууга жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.