Haber

Кыргыз-Кытай факультетинин эжекелери – мелдештин жеңүүчүлөрү

4-март күнү Ош мамлекеттик университетиде 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара майрамдын урматына уюштурулуп, окуу жайдын ар кайсы факультеттеринен түзүлгөн командалар активдүү катышышты. Мелдеш абдан кызыктуу жана атаандаштыкка бай өттү. Ар бир команда жеңишке жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Оюн учурунда ынтымак, колдоо жана командалык дух өзгөчө байкалды. Жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультетинин эжекелер командасы мыкты оюн көрсөтүп, татыктуу түрдө 1-орунду багындырды. Алардын чеберчилиги, ыкчамдыгы жана биримдиги жеңишке жеткирди. Бул иш-чара эжекелердин спортко болгон кызыгуусун арттырып гана тим болбостон, жамааттын ынтымагын бекемдөөгө да чоң салым кошту. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
164 04:41 05-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|