«Педагогикалык дебют» конкурсунун алкагында ачык сабак өттү
10:56
05-03-2026
19
Бүгүн, 27-февраль күнү филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун чет тилдер түзүмүндө англис тилинин филологиясы кафедрасында жаш жана келечектүү окутуучусу Жуманазарова Айжан «Педагогикалык дебют» конкурсуна талапкер катары өзүнүн чеберчилигин көрсөттү.
"Педагогикалык дебют" конкурсунун алкагында окутуучу Жуманазарова Айжан 2-курстун студенттери үчүн "Impact of Tourism" (Туризмдин таасири) деген темада интерактивдүү сабак өттү.
Сабактын өзгөчөлүгү: Сабак толугу менен студентке багытталган (Student-Centered Learning) ыкмасында уюштурулуп, окутуучунун сүйлөө убактысы 30%дан ашкан жок. Студенттер сабактын максаттарын өздөрү аныктап, туризмдин экономикалык, социалдык жана экологиялык таасирлерин өз алдынча талдап чыгышты.
Инновациялык ыкмалар: Айжан Жуманазарова сабакта бир нече заманбап технологияларды жана методдорду колдонду:
• Jigsaw Reading: Студенттер топтордо иштеп, маалыматты бири-бирине түшүндүрүү менен терең өздөштүрүштү.
• Role-Play (Ролдук оюн): Студенттер "Мейманкана ээси", "Эколог" жана "Жергиликтүү тургун" сыяктуу ролдорго кирип, туризмдин пайдасы менен зыянын дебат форматында талкуулашты.
• Critical Thinking: Сүрөттөр жана диаграммалар аркылуу себеп-натыйжа байланышын (Cause and Effect) талдап, англис тилинде логикалык сүйлөмдөрдү түзүүнү үйрөнүштү.
• Жыйынтык: Сабактын аягында студенттер өз алдынча рефлексия жасап, кайсы максаттарга жеткенин жана кайсы багытта дагы иштөө керектигин белгилешти.
• Комиссия мүчөлөрү жаш окутуучунун аудитория менен иштөө чеберчилигин, санариптик сабаттуулугун жана англис тилин академиялык деңгээлде (EAP) окутуудагы заманбап мамилесин жогору баалашты.
"Менин максатым — студенттерге жөн гана грамматиканы үйрөтүү эмес, англис тили аркылуу глобалдык маселелерди талдоого жана өз оюн эркин айтууга шарт түзүү," — деп белгиледи Жуманазарова Айжан сабактан кийин.
Бул иш-чара жаш адистердин тажрыйба алмашуусуна жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.
Институттун жамааты Айжан айымга конкурстун кийинки этаптарында ийгиликтерди каалайт!