ТЮИнин жалпы тарых жана тарыхты окутууну усулу кафедрасынын башчысы, доцент Г.С. Жумашова, Мамлекеттин, укуктун, теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы Ү. А. Асанова доцент Н.Ш. Кольсариева, т.и.к., окутуучу Г.А. Атаканова, ю.и.к., улук окутуучу Н.М. Нуркулова окутуучу А.К. Жапаровалар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленген илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп, аялдардын илимди, технологияны жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү ролун колдоого, ошондой эле аймактык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы тарабынан 2026-жылдын 11-12-февраль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн "SheSCIENCE 2026" эл аралык илимий форумуна катышып келишти. Форумдун негизги максаты - илимди жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, өкмөттөр аралык кызматташтыкты бекемдөө жана илимдеги аялдардын лидерлигин илгерилетүү үчүн академиялык коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана өнөктөш түзүмдөрдүн күч-аракетин бириктирүү багытында болду.