Новости

"12 жылдык билим берүүдө тарыхты окутуунун жаңы форматы: сынчыл ой жүгүртүү жана маалыматтык сабаттуулук"

2026-жылдын 3-мартында тарых-юридика институтунда жалпы тарых жана тарыхты окутуунуну усулу кафедрасы Ош шаардык тарыхчылар биргеликте "12 жылдык билим берүүдө тарыхты окутуунун жаңы форматы: сынчыл ой жүгүртүү жана маалыматтык сабаттуулук" аттуу илимий-практикалык семинар-тренинг өткөрүлдү. 12 жылдык билим берүүгө өтүү тарыхты окутуунун усулдарын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү — заманбап билим берүүнүн башкы приоритети. Семинардын жыйынтыгы менен төмөнкү чечимдер кабыл алынды: 1. Сабактардын форматын өзгөртүү: Тарых сабактарында лекциялык методдон изилдөөчүлүк (проекттик) методго өтүү сунушталсын. 2. Булактар менен иштөө: Окуу процессине архивдик документтерди, аудио-визуалдык материалдарды жана биринчилик булактарды милдеттүү түрдө киргизүү. 3. Медиасабаттуулук: Сабактарда "тарыхый фейктерди анализдөө" боюнча атайын практикалык сааттарды уюштуруу. 4. Санариптештирүү: Тарых мугалимдеринин санариптик компетенттүүлүгүн арттыруу максатында виртуалдык музейлерди жана интерактивдүү платформаларды колдонууну жайылтуу. 5. Баалоо: Окуучунун билимин баалоодо даталарды жаттоосун эмес, окуяга берген аналитикалык баасын жана аргументтөө жөндөмүн эске алуу.
63 07:11 06-03-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|