04.03.2026.
Карасуу райондук маданият үйүндө КР Президентинин 2024-жылдын, 18-декабрындагы "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" аталышындагы унгужолдун (доктрина) Жарлыгын ишке ашыруу максатында 5-март Ак калпак күнүнө арналган иш - чара болуп өттү. Мында тарых илиминин доктору, доцент Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна "Улуттук кийим - улуттук сыймык" аттуу баяндама жасады. Бул иш - чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, райондун жетекчилиги, билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектептин директорлору, мугалимдер жана мектеп окуучулар катышышты.
Ушул иш-чараны жигердүү уюштурган Карасуу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Акматов Керимбек Эркетаевичке терең ыраазычылык билдиребиз.