«Заманбап окутуучу» конкурсунун алкагында ачык сабак өтүлдү
09:39
06-03-2026
102
2026-жылдын 5-мартында филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу Акимжанова Назира "Заманбап окутуучу" сынагынын катышуучусу катары 1-курстун студенттери үчүн "Практикалык англис тили курсу" предметинин алкагында "Phobias" (Фобиялар) деген темада өзгөчө форматтагы ачык сабак өттү.
Сабактын негизги максаты — студенттердин лексикалык капчыгын байытуу, угуу (listening) жана сүйлөө (speaking) көндүмдөрүн өстүрүү менен бирге, психологиялык тоскоолдуктарды жеңүүгө багытталды.
Сабактын өзгөчөлүктөрү
Санариптик технологиялар: Мугалим сабакта "Spin the Wheel" (Айлануучу дөңгөлөк) жана "Arkan-Tartysh" онлайн платформаларын колдонуу менен сабакты оюн түрүндө баштап, студенттердин кызыгуусун арттырды.
Интерактивдүү оюндар: Студенттер "Акрофобия", "Глоссофобия" сыяктуу татаал терминдерди жөн гана жаттабастан, аларды турмуштук кырдаалдарда колдонууну үйрөнүштү.
Айрыкча, стикерлер менен ойнолгон ролдук оюндар студенттердин эркин сүйлөөсүнө шарт түздү.
Баалоо системасы: Сабакта "Nomination Cards" жана упай топтоо системасы колдонулуп, ар бир студенттин активдүүлүгү адилеттүү бааланды Сабактын жыйынтыгында студенттер коркунучтарды жеңүү стратегиялары боюнча өз ара талкуу жүргүзүп, практикалык кеңештер менен бөлүшүштү. Назира Акимжанованын бул сабагы заманбап методика менен салттык окутууну айкалыштырган мыкты үлгү боло алды.
Назира эжекеге конкурста ийгилик каалайбыз!