2019–2025-жылдар аралыгында кабыл алынган окутуучулар ачык сабактарын өтүштү
11:10
06-03-2026
91
2026-жылдын 2–6-март күндөрү ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмүнүн жана Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары тарабынан ачык сабактар өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты – жаш окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу болду.
Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмүнөн:
Сраждинова Рано, Мурзабекова Чыныгүл, Абжапарова Айжамал, Рыспаева Максат, Бекташева Жаркынай, Түмөнова Нуркыз, Жунусова Назгүл, Орозбаева Венера, Каримова Жылдыз, Сатанбаева Мээрим, Макамбаева Динара, Таалайбек кызы Мээрим ачык сабактарын көрсөтүштү.
Индустриалдык-педагогикалык колледжден:
Мойдунова Айгерим, Бакытбекова Аэлита, Алибекова Кызжибек, Аракеева Анара, Байыева Клара, Шермаматова Айжан, Кочкорова Айнура, Ибайдуллаева Айнура, Мирзакаримова Камила, Фарида, Акжол кызы Гүлзара, Акматова Махабат, Тынаева Айпери, Кожоева Каныкей өздөрүнүн сабактарын сунушташты.
Сабактарга ОшМУнун методист-координаторлору М. Нурмаматова жана Ө. Шаимкулова катышып, окутуучулардын ишин байкап, методикалык кеңештерин беришти.
Ошондой эле Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучусу Акимжанова Назира конкурстук сабагын көрсөтүп, кесиптештерине үлгү болчу тажрыйбасын бөлүштү.
Бул иш-чара жаш окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталды.