Новости

Кафедрабыздын мыкты айымдары сыйланышты!

5- март күнү ОшМУда 8- март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Салтанатта университетибиздин ректору профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич айымдарды майрамы менен куттуктап 200гө жакын айым кызматкерлер сыйланышты. Ошолордун катарында биздин кафедрабызда мыкты кызмат көрсөткөн айымдарыбыз 5- март куну кафедранын улук окутуучусу Ы.А.Перханова жана окутуучу Н.Ш.Махмудова ректорубуздун куттуктоо белектерин алышты. Ал эми 6- март куну окутуучу. Г.Т.Жалалова ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери төш белгиси менен, окутуучу А.Ч.Мырзабекова.ОшМУнун алкыш баракчасы менен сыйланышты . Кафедрабыздын бардык кызматкерлери сиздер менен сыймыктанат. Бар болуңуздар, сыйлыгыңыздар кут болсун ардактуу эжекелер.
85 06:56 07-03-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|