News

8-Март – Айымдардын эл аралык күнү колледжде белгиленди

2026-жылдын 7-март күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 8-Март – Айымдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышып, айымдарга арналган майрамдык маанай тартууланды. Майрамдык программа студенттердин бийи менен ачылып, андан соң ырлар, көркөм окуулар жана комуз күүлөрү аткарылды. Студенттер тарабынан даярдалган чыгармачылык номерлер көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, майрамдык маанайды арттырды. Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин директорунун милдетин аткаруучу Сулайманова Гульсана Абдибаитовна окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн Өзгөн шаардык мэриясынын Ардак грамотасын 3-курстун студенттери Раимбек кызы Заринага жана Базарбаева Адинага салтанаттуу түрдө тапшырып, аларга мындан аркы окууларында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С. Каримбаев сөз сүйлөп, бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары, колледждин профбюро төрайымы Тойгелди кызы Айчүрөк ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин атынан 3-курстун студенттери Базарбаева Адина жана Ормошев Эрболотко “Кош жылдыз” кароо-сынагында Баш байгени жеңип алгандыгы үчүн Ардак грамота тапшырды. Иш-чаранын соңунда окутуучулар үчүн кызыктуу интеллектуалдык оюн уюштурулуп, майрамдык программа жогорку маанайда жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, бул майрамдык иш-чара директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С. Каримбаевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, студенттик кеңеш тарабынан өткөрүлдү. Бул иш-чара айымдарга болгон сый-урматты арттырууга, студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана колледж жамаатында достук, ынтымак атмосферасын бекемдөөгө өбөлгө түздү.
81 18:50 07-03-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|