Бүгүн, биз үчүн кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, руханий мурасын жана улуттук баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө күндөрдөрдүн бири болду. Ал кайсы күн десеңиздер? Ал- 5-Март Ак калпак күнү!
Ак калпак- бул жөн гана баш кийим эмес. Ал-намыс, акылмандык, тазалык жана улуттук сыймык. Ата -бабаларыбыз Ак калпакты бийик кармап, аны эр-азаматтын кадыр-баркы катары даңазалашкан. Биз да, бул күндү ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин студенттери менен сыймыктануу менен белгиледик. Ар дайым кыргызымдын мырзаларынын башы ийилбей, калпагы жерге түшпөсүн.