ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде эвакуациялык машыгуу өттү
05:23
09-03-2026
63
2-мартта Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде окутуучулар жана студенттер үчүн жарандык коргонуу боюнча эвакуациялык машыгуу өткөрүлдү. Максаты — өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана коопсуздук маданиятын жогорулатуу.
Коңгуроо берилгенден кийин мугалимдердин жетекчилиги менен студенттер окуу имаратынан тартип сактап, белгиленген маршрут аркылуу ачык аянтка эвакуацияланышты.
Кыргыз-Кытай факультети мындан ары да коопсуздук боюнча машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүп, коопсуз жана туруктуу окуу чөйрөсүн камсыздоону улантат.