Haber

Scopus базасын колдонуу

2026-жылдын январь айында ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында «Scopus базасын колдонуу жана эффективдүү электрондук коммуникация» багытында 72 сааттык атайын курс уюштурулду. Курстун негизги максаты — окутуучулардын эл аралык илимий базалар менен иштөөсүн жакшыртуу жана санариптик чөйрөдө туура байланыш түзүү көндүмдөрүн калыптандыруу. Тренер: Максат Тотобаев — ОшМУнун Академиялык өнүгүү департаментинин Рейтинг секторунун башчысы. Бул курс катышуучуларга илимий макалаларды эл аралык деңгээлге чыгарууга жана заманбап технологияларды окутуу процессинде натыйжалуу колдонууга чоң өбөлгө түзөт.
49 07:23 09-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|