ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан 2026-жылдын 16-февралынан 28-февралына чейин Ош аймактык медициналык колледжинин окутуучулары үчүн атайын курс уюштурулду.
Гуманитардык жана клиникалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучулары «Педагогика жана окутуунун методикасы» аталышындагы 72 сааттык программаны ийгиликтүү аякташты.
Курстун максаты: Окутуунун заманбап усулдарын өздөштүрүү жана педагогикалык чеберчиликти арттыруу.
Тренер: ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, п.и.к., доцент Джороев Т. А. Окуу процесси кызыктуу талкуулар жана практикалык иштер менен коштолуп, катышуучулар жаңы билимдерге ээ болушту. Билим берүүдөгү сапаттуу өзгөрүүлөр улана берет!