Жанылыктар

“Менчикке каршы кылмыштар” аталышында конок лекция

Финансы-юридикалык колледжде конок лекция өткөрүлдү 2026-жылдын 24-февралында Финансы-юридикалык колледжде конок лекция болуп өттү. Лекцияны ю.и.к., доцент Орозов Жаркынбек Жунусович өткөрдү. Конок лекция кылмыш-жаза укугу дисциплинасынын алкагында 1-парада уюштурулуп, “Менчикке каршы кылмыштар” темасына арналды. Лекциянын жүрүшүндө менчикке каршы кылмыштардын түшүнүгү, түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү жана жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарынын негизинде практикалык мисалдар келтирилип, студенттер менен кызыктуу талкуу жүргүзүлдү. Лекция студенттер үчүн пайдалуу болуп, алар тема боюнча суроолорун берип, өздөрүнүн теориялык билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.
14 09:01 09-03-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|