Новости

Мектеп окуучуларына туура тамактануу боюнча лекция өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окутуучусу Алибаева А.А. илимий кружоктун катышуучулары менен биргеликте мектеп окуучуларына туура тамактануу боюнча маалыматтык лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга туура жана тең салмактуу тамактануунун мааниси, өсүп келе жаткан организм үчүн пайдалуу азыктар, витаминдердин ролу жана туура эмес тамактануунун терс кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле күнүмдүк рационду туура түзүү, фаст-фуд жана газдалган суусундуктарды чектөө, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу боюнча сунуштар айтылды. Лекциядан кийин окуучулар арасында туура тамактануу боюнча анкетирлөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында алынган маалыматтар талданып, илимий кружоктун студенттери бул изилдөөнүн негизинде илимий конференцияда доклад менен чыгышты. Мындай иш-чаралар окуучулардын ден соолук маданиятын жогорулатууга, ошондой эле студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
7 09:44 09-03-2026

                 

Новости

|< 1 >|