Новости

Бүткүл дүйнөлүк кант диабети күнүнө карата маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

Бүткүл дүйнөлүк кант диабети күнүнө карата маалыматтык иш-чара өткөрүлдү Бүткүл дүйнөлүк кант диабети күнүнө карата окутуучулар Турдуева А.К., Ахунбаева Т.Р., Алибаева А.А. жана Арапбаева Э.А. илимий кружоктун катышуучулары менен биргеликте №6 жана №3-УБДТ борборлорунда бейтаптар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө кант диабети менен ооруган бейтаптарга оорунун алдын алуу, туура тамактануу, жашоо образын өзгөртүү, дарыланууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн мааниси жана оорунун мүмкүн болгон татаалдашуулары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бейтаптар үчүн кант диабетин көзөмөлдөө, ден соолукту сактоо жана туура жашоо образын калыптандыруу боюнча маалыматтык лекция окулуп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берилди.Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында алынган маалыматтар талданып, илимий кружоктун студенттери факультеттик илимий конференцияда доклад менен чыгышты. Мындай иш-чаралар калктын саламаттыкты сактоо маданиятын жогорулатууга жана кант диабетинин алдын алууга багытталган.
4 10:02 09-03-2026

                 

Новости

|< 1 >|