8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата колледждин дене тарбия бөлүмү тарабынан спорттук иш чара өткөрүлдү.
10:05
09-03-2026
15
Бүгүн 7-март 2026-жыл күнү 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУнун медициналык колледжинде айымдар үчүн спорттук иш-чара уюштурулуп, жогорку маанайда өттү. Иш-чара колледждин дене тарбия бөлүмү жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары биргеликте уюштурулуп, жамаат эжекелер активдүү катышышты.
Иш-чаранын ачып берүү үчүн медициналык колледжинин директору м.и.к.доцент, З.САрынов.ОшМУнун прафком уюмунун төрагасы А.Э. Сатаров жана дене тарбия ПЦК башчысы И.Ф.Сулайманова эжекелерди айымдарды 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен жылуу куттуктоо сөздөр айтылып, катышуучуларга ийгилик каалап, Спорттук оюндар кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын жана биримдигин көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, аларга дипломдор жана акчалай белектер тапшырылды. Бул иш-чара айымдарга майрамдык маанай тартуулап, сергек жашоо образын жайылтууга жана жамааттын ынтымагын бекемдөөгө чакырып кетти.