Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы SCOPUS, elibrary, РИНЦ, КИНЦ жана PhD боюнча маалымат алышты
07:22
10-03-2026
59
4-март, 2026-жыл.
SCOPUS, elibrary, РИНЦ, КИНЦ жана PhD, кандидаттык, доктордук диссертациялар жөнүндөгү жаңы эрежелер (жобололор) боюнча Ош мамлекеттик университетинин илимий китеп канасынын "SCOPUS research hub" борборунун координатору Жусупов Болотбек Асанович Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамына жогоруда аталган маселелер боюнча кеңири маалымат берип, окутуучулардын суроолоруна жооп берди.
Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев ушундай иш-чараны уюштурууга түздөн-түз көмөктөшкөндүгү үчүн ОшМУнун илимий китепканасынын директору Орозбаев Азамат Мамасадыковичке жана жогорудагы маселелер боюнча маалымат берген Болотбек Асановичке ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.