Haber

Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы конфликтерге байланыштуу эл аралык деңгээлдеги дискуссия өттү.

5-март, 2026-жыл. Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы конфликтерге байланыштуу эл аралык деңгээлдеги дискуссия өттү. Дискуссиянын темасы: "Иран - Израиль - АКШ жана Пакистан - Афганистан конфликттери: тарыхы жана учурдагы абалы" - деп аталып дискуссиянын башталышында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу, тарыхчы, саясий серепчи Азамат Бакиров жана ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев дискуссиянын темасына байланыштуу презентацияларды жасашты. Дискуссияга Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары, профессордук-окутуучулук курамы жана АКШда жашаган белгилүү журналист Амирбек Усманов, Түркиядан Арманд Мурат, BBC Кыргыз кызматынын кабарчысы Заирбек Бактыбаев, Азаттыктын кабарчысы Эрнис Нурматов, ОшМУнун бизнес паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эрлан Камалов катышышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, дискуссияда активдүүлүгүн көрсөтүштү. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов, чыгыш таануу институтунун директорунун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, окутуучу Султанбек Матназаров дагы дискуссияга активдүү катышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Чыгыш таануу институтунун студенттери дагы дискуссияга активдүү катышып, презентаторлорго жана эксперттерге суроолорун беришти.
52 07:42 10-03-2026

                 

Haber

37 05:19 12-03-2026

ОшМУнун Илимий китепканасы жана анын электрондук ресурстарын колдонуу боюнча семинар

Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы конфликтерге байланыштуу эл аралык деңгээлдеги дискуссия өттү.

53 07:42 10-03-2026

Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын эжекелери 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун төрагасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

47 07:30 10-03-2026

Ош мамлекеттик университетинин илимий китеп канасынын "SCOPUS research hub" борборунун координатору Жусупов Болотбек Асанович Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук SCOPUS, elibrary, РИНЦ, КИНЦ жана PhD боюнча маалымат берди.

58 07:22 10-03-2026

Чыгыш таануу институтун чыгыш таануу кафедрасынын Кытайдын Шаньдунь шаарына академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп келүү үчүн жөнөп кетишти.

71 08:47 09-03-2026
|< 1 2 3 4 5 >|