Жанылыктар

«Санарип куралдар жана билим берүүнү автоматташтыруу» аттуу семинар

«Санарип куралдар жана билим берүүнү автоматташтыруу» аттуу семинар ОшМУнун МФТИТ институтунун АССТ кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент А.Ж. Кудуев жана окутуучулар Дарбанов Э.О., Кыргызбаева Б.С. 2026-жылдын 9-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын билимин жогорулатууга арналган «Санарип куралдар жана билим берүүнү автоматташтыруу» аттуу семинарга катышып, конок лекцияларды окуп келишти. Лекцияларда PDF документтери менен иштөөнүн оптималдуу жолдору каралып, окуу материалдарын натыйжалуу түзүү, түзөтүү, сактоо жана бөлүшүү ыкмалары талкууланды. Ошондой эле документтер менен иштөөдө маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу, файлдардын түзүмүн туура уюштуруу жана аларды окуу процессинде ыңгайлуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ачык билим берүү ресурстары жана санариптик платформалар академиялык ачыктыкты камсыз кылуунун маанилүү куралы катары каралып, университеттик электрондук тестирлөө жана аналитика платформасы MyTE мисалында студенттердин билим деңгээлин баалоо, тестирлөөнү автоматташтыруу жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү. Ошондой эле электрондук кезек системасын жана видеосабактардын маалыматтык базасын автоматташтыруу маселелери талкууланып, бул системалар окутуучулар менен студенттердин ишин уюштурууну жеңилдетип, окуу материалдарына тез жетүүнү камсыз кылаары белгиленди. Санариптик технологияларды туура колдонуу окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди. Жыйынтыгында баяндамачылар ОшМПУнун ректору, профессор Б.Б. Зулушевдин ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты!
143 08:34 10-03-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|