Бүгүн 10-март 2026-жылы Жарандык укук жана процесси кафедрасынын доценти, ю.и.к. Маматазизова Элмира Кубанычбековна тарабынан Тарых юридика институтунун юриспруденция багыты боюнча 3-курстун орус агымдарына Гражданское право предметинен ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын темасы: “Публичное обещание награды, публичный конкурс и проведение игр и пари” . Лекция аралаш формасында 3 усулду колдонуу менен өткөрүлдү. Атап айтсак - көйгөйлүү лекция, баарлашуу жана ролдоштурулган оюундар менен өткөрүлдү. Ачык лекция илимий-методикалык жогорку деңгээлде өтүп, так түзүлүшү, актуалдуу мазмуну, студенттер менен активдүү өз ара аракеттенүүсү менен айырмаланды. Ачык сабакка аталган кафедранын жана башка кафедралардын профессордук окутуучулук курамы катышты.