Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин ПДА9с-1-23 араб тайпасынын студенттери үчүн Чыгыш таануу институтунун араб тили окутуучусу Носиров Шерзат агай араб каллиграфиясы боюнча мастер-класс өткөрүп берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер араб каллиграфиясынын өзгөчөлүктөрү жана жазуу ыкмалары менен жакындан таанышышты. Буга чейин каллиграфия сабагын теориялык жактан үйрөнгөн студенттер бул мастер-класста алган билимдерин практика жүзүндө колдонуп, араб тамгаларын көркөм жазуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.
Мастер-класс студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын араб тилине болгон кызыгуусун дагы арттырды.