Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Педагогика, психология жана социалдык иштер циклдык комиссиясынын окутуучулары
03:48
11-03-2026
53
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Педагогика, психология жана социалдык иштер циклдык комиссиясынын окутуучулары менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык колледжинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тажрыйба алмашуу жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууга экономикалык-юридикалык колледждин директору Ташматова Айнагуль Акылбековна, Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Сатымкулова Наргиза Надырбековна жана окутуучу Анарбай кызы Айтбү катышып, 040101 – Социалдык иш адистигинин билим берүү программасын талкуулашты. Иш-чаранын негизги максаты социалдык иш адистерин даярдоонун сапатын жогорулатуу, окуу программаларын өркүндөтүү жана окутуунун заманбап ыкмалары боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын окутуучулары социалдык иш адистигинин окуу планы, дисциплиналардын мазмуну жана студенттердин практикалык даярдыгын уюштуруу боюнча пикир алышты. Ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүү мекемелери менен кызматташууну күчөтүү, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу маселелери талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында билим берүү программаларын мындан ары да өркүндөтүү, практикалык окутууну күчөтүү жана окуу жайлар аралык кызматташууну улантуу боюнча сунуштар айтылды. Мындай жолугушуулар социалдык иш тармагында сапаттуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.