Жанылыктар

Психология багыты боюнча

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунда коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн атайын уюштурулган “Психология” багыты боюнча 144 сааттык курс ийгиликтүү жыйынтыкталды. Мөөнөтү: 2026-жылдын 2-февралынан 3-мартына чейин. Курстун алкагында катышуучулар заманбап психологиянын актуалдуу маселелери, жаңы методдор жана практикалык ыкмалар менен таанышышты. Окутууну жогорку деңгээлде тажрыйбалуу адис, психология илимдеринин доктору, профессор Жолдошева Акчач Олмасовна өткөрдү. Курсту ийгиликтүү аяктаган угуучуларга атайын үлгүдөгү сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Курстун угуучулар кустун аягында өздөрүнө бөлүнгөн темалар боюнча долбоорлорун коргоп берди.
49 06:01 11-03-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|