Кыргыз-Кытай факультети Ак-Буура дарыясынын жээгинде ишембилик өткөрдү
06:57
14-03-2026
20
Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-февралындагы №217 токтомуна ылайык жарыяланган “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” алкагында 14-март күнү ишембилик өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери жана окутуучулары активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө Ак-Буура дарыясынын ичи жана жээктери темир, желим баштык, кагаз, жыгач жана башка таштандылардан тазаланды.