Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылдын №217 токтомуна ылайык «Жазгы үч айлыкты жарыялоо, Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» иш-чарасынын алкагында Медицина факультетинин Морфологиялык дисциплиналар кафедрасында ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө кафедранын окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тактап айтканда, кафедрага караштуу аймактар тазаланып, таштандылар чыгарылып, бак-дарактар иретке келтирилип, айлана-чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — шаарды таза кармоо, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жамааттын биримдигин чыңдоо болуп саналат. Морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын жамааты мындай коомдук пайдалуу иш-чараларга мындан ары да активдүү катышууга даяр экендигин билдирет.